Бишкектин кире беришинде муниципалдык унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Бул тууралуу “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” ишканасынын жетекчиси Вахтанг Алаков билдирди.
Анын айтымында, пландалгандай, алар ордо калаанын 4 районунда тең пайда болуп, башка аймактардан келгендер аларда жеке транспортун калтырып кете алат. Белгилеп кетсек, Бишкекте 16 муниципалдык унаа токтотуучу жай бар.