АКШ Баткенде жабыркагандарга 100 миң доллар бөлөт.
Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, гуманитардык жардам жер которууга дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө берилет.
Каржылоо эл аралык федерация аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан.
Анын 427си такыр жашоого жараксыз болуп калса, 195 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.