Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү

Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү. Расмий ачылыш аземине Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто катышты.

 

Фонд инвестицияларды тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана кичи, орто бизнеске колдоо көрсөтөт. Анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт, кийин Венгрия бул сумманы 50 миллион долларга жеткирет.

 

Белгилеп кетсек, кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына президент Садыр Жапаров сентябрда кол койгон.