Барселонадагы «Лисео» опера театры кайрадан ачылды

Барселонадагы «Лисео» опера театры кайрадан ачылды.

Бирок, карантиндик талаптарды сактоо менен. Атакту каталондук театрга көрүүчүлөрдүн дене табын

текшерүү менен алар беткап тагынганда гана киргизилет. Коноктор ортодо бир катар бош орундуктарды

калтыруу менен жайгаштырылат. Эске салсак, жай айларынын башында «Лисео» маданият үйүндө

бир ирет концерт уюштурулган. Бирок, анда көрүүчү адамдар эмес, гүлдөр болгон. Өсүмдүктөр

концерт аяктагандан кийин КОВИД-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине тартууланган.