АКШда аюу баланын туулган күнүн бузуп салды

АКШда аюу баланын туулган күнүн бузуп салды.

Жубайлар уулунун эки жашына карата майрам уюштурушкан.

Алар дасторкон жайып, конокторду чакырып алышкан.

Бир маалда токойдон капысынан аюу чыгып калды.

Чакырылбаган конокту кекстердин жыты кызыктырса керек.

Майрамдын катышуучулары жырткычтан жашынып, качып жөнөшкөн.

Бул учурда аюу столдогу бардык тамакты шашпай жеп чыккан.

Жаныбар тойдон өз алдынча кеттиби же эл капканга түшүрүү кызматын чакырдыбы, такталган жок.

Болгону окуядан эч ким жабыркабаганы белгилүү болду.