Бишкек мэриясы лизингге 520 автобус алуу ниетинде. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин коомдук кароосуна чыгарылды. Ага ылайык, коомдук транспорт газ менен жүрүшү керек.
Сыноо ирээтинде электр энергиясы менен жүргөн 5 автобусту алуу пландалып жатат. Белгилеп кетсек, Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын балансында 477 автобус болсо, анын 190у гана ишке жарамдуу. 145 транспорт ремонтто турса, 142 автобус баланстан жараксыз деп чыгарылган.