Украинада коронавирустун биринчи курмандыгы катталды

Украинанын Радомышль шаарчасынын 71 жаштагы тургуну коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жума күнү кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум аял 1-мартта Польшадан кайтып келгенден көп өтпөй өзүн начар сезе баштаган. Бирок убагында дарыгерлерге кайрылбай, 12-мартта гана ооруканага жаткырылган.

Буга чейин Украинада эки адамдан коронавирус аныкталган. Расмий Киев COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн 48 сааттын ичинде чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаба турганын билдирди.