АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты

SARASOTA, FLORIDA — SEPTEMBER 28: Palm trees blow in the wind from Hurricane Ian on September 28, 2022 in Sarasota, Florida. Ian is hitting the area as a likely Category 4 hurricane. (Photo by Joe Raedle/Getty Images)

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты. NBC News телеканалы маалымдагандай, миллиондогон кишиге аба ырайынын кескин бузулушуна байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертүү берилди. Бир нече киши машинесинде тоңуп калды, кар күрткүсү же муз астында калгандар бар. Бороондон улам өз убагында медициналык жардам ала албагандар болгону кабарланууда.

 

Канада менен чек арадан баштап Мексиканын чегине чейин суукка алып келген бороон-чапкын Рождестводо эки жакка каттаган жүргүнчүлөрдү кыйын абалда калтырды.

 

Өткөн жума күнү Монтана штатында 45 градуска чейин суук болду, Чикагодо -21, Мичиганда -17 градус суук катталды. Жекшембиде Нью-Йорк штатында рекорддук көлөмдөгү кар жаады.

 

Бийлик каза болгондор көбөйүп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертүүдө. Синоптиктер 40 жылдан бери боло элек суук апта аягына чейин сакталарын айтып жатышат.