Бишкекте 6 миңден ашык керектөөчү электр жарыгы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 6 миңден ашык керектөөчү электр жарыгы жок калышы мүмкүн. Ордо калаа электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, жарык үчүн карызы бар абоненттер 28-декабрдан тарта аралыктан өчүрүлүп баштайт.

 

Майрамдардын алдында ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга эртелеп төлөө сунушталат. Муну банк кассаларынан, төлөм терминалдарынан жана почта бөлүмдөрүнөн жүргүзсө болот.