Россия Кыргызстанда “Паспорттук-визалык  сервис” бөлүмдөрүн ачат

Россия Кыргызстанда “Паспорттук-визалык  сервис” бөлүмдөрүн ачат.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Филиалдарды ачуу кыргызстандыктарга биздин өлкө аймагынан эле медициналык кароодон жана башка процедуралардан өтүүгө шарт түзүп берет.

 

Россия бийлиги менен тиешелүү макулдашуу Эмгек министринин Москвага иш сапарынын алкагында жетишилди.