Венгрия Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын сатып алат

Венгрия Россиядан коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто кол койгон.

 

«Муну менен Венгрия Европа биримдигине кирген мамлекеттерден алгачкы болуп орусиялык препаратты колдонууга расмий түрдө уруксат берген өлкө болду.

Европа Биримдигинин Дары-дармекке көзөмөл кылуу боюнча агенттиги «Sputnik V» вакцинасын Европанын аймагында колдонууга уруксат бере элек. Бул орган учурда коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» жана «Moderna» аттуу эки вакцинаны каттап, учурда Европа Биримдигине кирген бир нече өлкөдө эмдөөдө колдонулуп жатат. Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан коронавируска каршы эмдөөнү тездетүү үчүн бир нече вакцинага уруксат берүү зарыл экенин билдирген», — деп жазылат маалыматта.