АКШнын Калифорния штатындагы Эль-Дорадо аймагынан 30 миңдей адам эвакуацияланды

АКШнын Калифорния штатындагы Эль-Дорадо аймагынан 30 миңдей адам эвакуацияланды.

Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, буга чыккан ири өрт себеп болду. Штаттын

чыгышындагы Сьерра Невада тоолуу аймактарында августтун ортосунда башталган

өрттүн аянты 700 чарчы метрден ашып, өрт эл жашаган аймактарга жакындады.

Натыйжада калкты коопсуз жайга эвакуациялоо жарыяланды. АКШнын

Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттүн кесепетинен 20 миңге жакын

имарат күйүп кетиши мүмкүн экенин болжолдошууда.