Гонконгдо Pfizer вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду

Гонконг бийлиги коронавируска каршы Pfizer вакцинасын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кытайлык «Fosun Pharma» дистрибьютору тарабынан ампуланын капкактарындагы кемчиликтер табылгандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгы белгиленди. Компания Pfizer менен дарыны иштеп чыгууга жардам берген Германиянын «BioNTech» фармацевтикалык уюму менен бирге ишти териштирип жатат.

 

Басылма баса белгилегендей, Pfizer менен эмдөөнү токтотуу, кытайлык Sinovac вакцинасын гана колдонуу керектигин билдирет. Анткени аймакта катталган башка вакциналар жок.

 

Гонконгдо COVID-19га каршы эмдөө программасы 26-февралда расмий түрдө башталган. Шаардык бийликтин порталында жарыяланган статистикалык маалыматтарга ылайык, 22-мартка карата Гонконгдо 25 миң 200 адам вакцинанын биринчи дозасын алышкан, анын ичинен 10 миң 200 адам Sinovac вакцинасы менен эмделген, болжол менен 15 миң адам «Pfizer-BioNTech» тарабынан иштелип чыккан Comirnaty вакцинасы менен эмделген.