Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро которду

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро которду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Каражат Барселона шаарынын ооруканасына берилди.

 

Буга чейин Германиянын “Бавария” клубунун оюнчулары Роберт Левандовский, Леон Горецка жана Йозуа Киммих дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евродон которушкан.