Евробиримдик Түркияга каршы санкцияларды узартты

Евробиримдик Жер ортолук деңизиндеги аракеттерине байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды узартты. Мындай чечим 10-декабрда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин Брюсселде өткөн саммитинде кабыл алынды.

 

Ага ылайык, Түркияга 2019-жылдын 11-ноябрында киргизилген санкциялык чаралардын мөөнөтү дагы узартылат.

 

Еврошаркеттин мүчөлөрү Түркия Жер ортолук деңизинде мыйзамсыз саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт.

 

Шаркет Жер ортолук деңизинде Түркия боюнча чечимдери менен аракеттерин АКШ менен бириктирүүнү көздөй турганын жарыялады.

Евробиримдик санкция тууралуу чечим кабыл алары күтүлүп жаткан учурда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү Жер ортолук деңизинин чыгышындагы аракеттерин улантарын, санкция тууралуу кандай чечим болбосун Түркияга анчалык деле таасир этпей турганын айтты.

 

Ушул тапта Греция менен Кипр газдын запасы жана деңиз чек аралары боюнча Түркия менен чырдашып жатышат. Анкара талаштуу аймакта газ запасын чалгындоого жана өндүрүүгө укугу бар экенин билдирип келет.