Аксы районунун Жетиген айылында 100 орундуу бала бакча ачылды

Аксы районунун Жетиген айылында 100 орундуу бала бакча ачылды.

Бул тууралуу Novosti.kgге район акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулду.

Белгилеп кетсек, Кербен шаарындагы аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.