Кыргызстанда сүттүн экспорту кыскарды

Кыргызстанда сүттүн экспорту кыскарды.

Улуттук статистикалык комитеттен маалым болгондой, быйылкы жылдын алты айында өлкө 4 миң 615 тонна сүт сатты.

Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга аз.

Кыргызстан сүтүнүн негизги сатып алуучулары Казакстан менен Россия болду.

Улуттук статистикалык комитет ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир литр сүттүн орточо баасы 52 сом 10 тыйынды түзөөрүн кошумчалады.