Медицина кызматкерине кайрадан кол салышты

Медицина кызматкерине кайрадан кол салышты. Бул жолу Талас облусунда.  24 агенттигине аймактык милиция башкармалыгынан билдиришкендей, окуя   28-январда облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө болду.

 

Бейтапка палатасына кирүүнү каалагандар менен санитар айымдын ортосунда түшүнбөстүктөр орун алган. Көп өтпөй, алар медайымды уруп, тепкилеп баштаган. Муну милиция кызматкерлери видео байкоо камераларынан көрдү. Жабыркаган арыз жазып, териштирүү жүрүүдө.

 

Белгилеп кетсек, бул медицина кызматкерлерине карата күч колдонуунун биринчи учуру эмес.