Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту

3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чейин жетип, финалда ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келди.

 

Биринчи бөлүктө ирандык балбан активдүү күрөшпөгөнү үчүн партерге коюлуп, Акжол Махмудовго бир упай берилди. Андан Акжол Махмудов дароо 8 упай алып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

 

Ошондой эле ушул эле салмак категорияда дагы бир кыргыз балбаны Калидин Асыкеев коло байгеге ээ болду.

Казакстанда эмгек сиңирген машыктыруучу Болат Турлыхановдун элесине арналган турнир кадыр-барктуу турнирлердин бири болуп саналат.