Акылбек Жапаров Таластагы ишканаларды текшерүүдө

Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышып, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

 

Жапаров Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.