Сузактагы каргаша: Бишкек мэринин фондунан балдарга 50 миң сомдон бөлүндү

Бишкек мэринин резервдик фондунан Сузактагы каргашада жабыркаган ар бир балага 50 миң сомдон бөлүндү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул каражат андан ары дарылоо жана реабилитациялоо үчүн жумшалат.

 

Дарыгерлердин айтымында, балдардын абалы жакшырууда. Зарыл болгон учурда мектеп окуучуларынын ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн кайталап текшерүүлөр жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, 2-майда Сузак районундагы массалык иш-чара учурунда кичи жүк ташуучу унаа балдарды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 32 бала жабыркаган. 10 бала учурда Бишкекте дарыланууда.