“Эль-Класикодо” жеңүүчү аныкталган жок

“Эль-Класикодо” жеңүүчү аныкталган жок. Түндө “Барселона” өз талаасында “Реалды” кабыл алды. Беттеш Ла Лиганын 10-турдук оюндун алкагында өттү. Анын жүрүшүндө эки команда тең чабуулга өткөнү менен эсеп сандары ачылган жок.

 

Эки команданын беттеши 17 жылдан бери биринчи жолу 0:0 эсеби менен аяктады. Турнирдик жадыбалда эки команда тең 36 упай топтоп, алдыңкы орунда келе жатат.