Айпери Медет кызы эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринде алтын медаль утту.

 

Айпери Медет кызы финалда дагы бир күчтүү делген египеттик Самар Амир Хамза аттуу балбан менен кез келип, 17:6 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.

 

Белгилей кетсек, кыз-келиндер арасында Кыргызстандын атынан аталган турнирге Айпери Медет кызы гана барган.

Буга чейин ушул эле турнирде Акжол Махмудов алтын байге уткан.