Европа чемпионатынын күндөлүгүнөн

Кечээки беттештер дагы кызуу көз ирмемдер менен футбол сүйүүчүлөрүнүн эсинде калды.

 

Легендарлуу немис машинасы аталышын алып жүргөн Германия курамасы Англияга 2:0 эсебинде утулуп, турнирден четтеди.

 

Ал эми Украина-Швеция жолугушуусунда оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде теңме-тең жыйынтыкталды. Калыстар тобу кошумча убакыт берип, украиналыктар тарых жаратып, курама алгачкы жолу чемпионаттын чейрек финалына өттү. Голдорду Александр Зинченко жана Артем Довбик киргизди.

 

Эми Украина Англия менен беттешет.