Кыргызстан балбандары ийгиликтерди багындырууну улантууда

Кыргызстан балбандары ийгиликтерди багындырууну улантууда.

Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы

Дүйнө чемпионатынын финалына өттү.

United World Wrestling уюмунун сайтында жарыялангандай,

эми биздин спортчу жыйынтыктоочу беттеште колумбиялык атлет менен кез келет.

Балбан кыз 76 килограмм салмакта күрөшүүдө. Ал жарым чейрек финалда эквадордук,

чейрек финалда индиялык, ал эми финалга чыкчу кармашта америкалык атлетти

8:0 эсебинде жеңип алды. Белгилеп кетсек, дүйнө биринчилиги

Сербиянын Белград шаарында 7-ноябрга чейин өтөт.