Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты.
Рейтингдин тизмеги “futsalworldranking” сайтында жарыяланды.
Анда биздин өлкөнүн командасы 1 миң 46 упайы менен 44-орунда жайгашкан.
Тизменин сап башын Бразилиянын командасы, экинчи орунду Испания,
үчүнчү сапты Россиянын курамасы бекитти.