Бишкекте алыш күрөш боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте алыш күрөш боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 20-21-февралда

спорт ордосунда уюштурулат. Биринчиликте 18 жаштан жогорку спортчулар алыш

күрөштүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча күч сынашат. Турнир Кыргызстандын

алыш күрөшү боюнча курама командасын түзүү үчүн өткөрүлөт. Кийин алар Азия, дүйнө,

эл аралык чемпионаттарга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.