“Алтын тамга” аттестациясы 14-майда өтөт

“Алтын тамга” аттестациясы 14-майда өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал тест түрүндө математика, Кыргызстан тарыхы, эне тил жана адабият, химия сабактары боюнча тапшырылат.

 

Белгилеп кетсек, “Алтын тамга” аттестациясын 11-классты артыкчылык менен аяктап жаткан окуучулар тапшырууга милдеттүү.