Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге дагы акча бөлүнөт

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге дагы акча бөлүнөт.

Өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей,

президент Сооронбай Жээнбеков бир жолку төлөмдөр жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, учурда Кыргызстанда жашап жаткан 251 ардагердин

ар бирине 75 миңден бөлүнөт. Эске салсак, буга чейин Социалдык өнүгүү

министрлиги согуштун катышуучуларына 20 миң сомдон берери маалым болгон.