Бишкектин деталдык пландаштыруусу мыйзамсыз деп табылды

Бишкектин деталдык пландаштыруусу мыйзамсыз деп табылды. Юрист Эрик Рыскулбековдун айтымында, ордо калаанын административдик соту жарандардын арызын канааттандырды.

 

Эске салсак, план 2019-жылы шаардык кеңеш депутаттары тарабынан түзүлгөн. Бишкектин бийлиги документ шаарды башаламан курулуштан коргон деген ишенимде болчу.

 

Бирок активисттер аны “жакшы иштелип чыккан эмес” деп аташты. Андан тышкары, ордо калаа тургундары алардын жеке менчигин тартып алууга негиз болот деп кооптонушкан.