УКМК телефондук сүйлөшүүнү жана соцтармактагы билдирүүлөрдү жазып албайт.
Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Коопсуздык кызматы, социалдык
тармактарда алардын басма-сөз кызматынын атынан жалган маалымат
таркатылып жатканын белгилейт. Мындай маалымат чындыкка дал келбей,
«фейк» катары бааланат. Учурда аны тараткандарды аныктоо
боюнча текшерүү иштери жүрүүдө, -дешти мекемеден.