Блогер Sydyman эки айга камалды.
Элмир Сыдыманов инстаграм баракчасы аркылуу
түндүк-түштүк маселесин козгогон. Анын сөзүнө сындар айтылып,
шоу-бизнес жылдыздары жана белгилүү инсандар ынтымакта болууга
чакырышкан. Элмир Сыдыманов кечирим сурап, сөзү өзүнүн
хейтерлерине гана багытталганын айткан. Укук коргоо органдары
тарабынан ага «аймактык кастыкты козгоо» айыбы тагылууда.