Кыргызстанда ковидге чалдыккандар азаюуда.
Акыркы суткада 696 учур катталды. Бир жума мурда эле
күнүнө 900дөн ашык учурлар чыгып жаткан, — деп билдиришти
республикалык штабдан. Белгилеп кетсек, буга чейин саламаттыкты
сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө коронавирустун
3-толкуну өткөнүн жарыялаган. Ал эми эпидемия маалынан бери
Кыргызстанда жалпысынан 166 миң 300 учур катталды.