Кыргызстанда “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдөө ушул жумада башталат.
Препарат бүгүнтөн тартып Бишкек жана Чүй облусундагы эмдөө түйүндөрүнө бөлүштүрүлөт.
Эртеңден тартып республиканын аймактарына жеткирилет. Бул тууралуу Novosti.kgге
республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, вакцина бир компоненттүү, андан улам ал бир эле дозада сайылат.
Эске салсак, 13-ноябрда Россия “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасын
биздин өлкөгө гуманитардык жардам катары берди.