Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды

Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республикада ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти.

Белгилеп кетсек, бүгүн вирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Ал эми жалпысынан

Кыргызстанда 665 адам вируска кабылса, 8и каза тапты.