Окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат. Тиешелүү буйрукту Билим берүү министрлиги чыгарды.
Ага ылайык, окуучулар уюлдук байланыш каражаттарын сабак боюнча маалымат издөөдө, окуу видеосун көрүүдө, QR-код колдонуу зарылчылыгы учурунда жана электрондук күндөлүктү толтурууда гана колдоно алат.
Окуучуларга мектепке кирердин алдында телефонду “үнсүз режимге” коюу сунушталат.