Кыргызстанда коронавирус менен абал жакшырууда

Кыргызстанда коронавирус менен абал жакшырууда. Бир сутка ичинде катталган оорулуулардын саны улам азайып жатат – акыркы көрсөткүч 155. Бул вирустан айыккандарга караганда 2 эсе аз.

 

Акыркы күндө 318 бейтап ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпылап алганда, Кыргызстанда 42 миңден ашык адам вируска кабылса, 35 миңи, же 83 пайызы коронавирусту жеңди.