Америкада ачык жашыл түстөгү күчүк жарыкка келди

Америкада ачык жашыл түстөгү күчүк жарыкка келди.

Анын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Кожойке мындай көрүнүштөн улам тынчсызданып, ветеринарга кайрылган.

Адис өттөгү суюктуктун көптүгүнөн улам түйүлдүк кезинде эле терисинде

жашыл түс арбыныраак боло баштаганын билдирди.

Ал сейрек кездешкен мындай өң акырындап өчүп отуруп,

териси кадимки эле күчүктөрдүкүндөй болуп каларын айтты.

Күчүк жашыл эле эмес, ачуулуу да болгондуктан ага Халк деген ысым беришти.