Россияда кумшекер жана өсүмдүк майынын жогорку чектеги баасы орнотулду.
Аталган продукциялардын баасын турукташтыруу жана төмөндөтүү боюнча макулдашуу
айыл-чарба жана өндүрүш министрликтери, соода түйүндөрү жана өндүрүүчүлөр ортосунда жетишилди.
Андыктан, кумшекердин килограммы 46 рублдан, майдын литри 110 рублдан өйдө көтөрүлбөшү керек.
Макулдашуу 2021-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.