Бишкектин баардык театрлары Россияга гастролго чыгышат.
Бул тууралуу Маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, бул иштердин жүрүшү 2020-жыл — Кыргызстанда Россиянын жана
Россияда Кыргызстандын Кайчылаш жылы деп жарыяланган жарлыкка ылайык.
Бүгүнкү күндө 221 пункттан турган план түзүлдү, анын 70 пайызы — маданий-гуманитардык
иш-чаралардан турат. Кайчылаш жылдын ачылышы февралдын экинчи жарымында
Москвадагы чоң театрда өтөт. Ага Кыргызстандан 200дөн ашуун маданият кызматкерлери катышат.