Франциядан коронавирустун айынан бардык билим берүү мекемелери жабылат

Франциядан коронавирустун айынан бардык билим берүү мекемелери жабылат.

Жарлыкты өлкө президенти Эмманюэль Макрон чыгарды. Ал сыналгы аркылуу

жарыялаган билдирүүсүндө кеп, бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлары

тууралуу болуп жатат. Ошондой эле өлкө башчы ишкана жетекчилерине

кызматкерлердин иш тартибин кыскартуу керектигине буйрук берди.

Ал эми 70 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар

жарандарга сыртка көп чыкпоо сунушталды.