Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто райондук соттун кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан

жеринен кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык,

Криминалдык милициянын аймактар аралык башкармалыгына

30 жаштагы жаран арыз  менен кайрылган. Ош облусунун райондук

сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени оң жагына

чечип берем деп 50 миң сом талап кылган. Кызматкерлер тарабынан

ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10-мартта сот аткаруучу талап

кылган акчаны накталай алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,

сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.