«Apple» компаниясы бир күндө 180 миллиард долларга арзандады.
Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, бул – тарыхта алгачкы ирет компаниянын наркынын рекорддук төмөндөшү.
Бирок ага карабастан, «Apple» компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы дагы эле 2 триллион доллардан ашык.
Мындан сырткары «Facebook» компаниясынын акциялары 3,8 пайызга төмөндөдү.
Ал эми «Alphabet» холдингинин акциялары 5,1 пайызга, «Amazon» команиясыныкы 4,6 пайызга,
«Netflix» 4,9 пайызга жана «Microsoft» 6,2 пайызга түштү.