Ош облусунда курулуп жаткан оорукана жакынкы күндөрү ишке берилет.
Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.
Анын айтымында, Баш-Булак айылында 150 орундуу оорукананын курулуш иштери аяктап,
ачылуу алдында турат. Учурда оорукана керектүү медициналык аппарат жана
жабдуулар менен камсыздалууда.