Америкада  TikTok жана WeChat тиркемелери жакынкы аралыкта колдонулбай калат

Америкада  TikTok жана WeChat тиркемелери жакынкы аралыкта колдонулбай калат.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео билдиргендей, Кытайдын технологиялары

өлкөнүн коопсуздугуна жана АКШ жарандарынын жеке маалыматтарына зыянын тийгизет.

Ошондой эле америкалык тиркемелерди Кытайдын телефондоруна орнотууга тыюу салынат.

Мындан тышкары Кытайдын маалымат топтоочу жана сактоочу “булут кызматы” чектелет.

Тагыраагы төрт кытайлык ишкананын лицензиясы токтотулат жана артка кайтарылат.

Кошумчаласак, АКШдаа TikTok тиркемесин 80 миллиондон ашык адам колдонот.