Арал-Кочкор альтернативалык трассасынын аймагында абал туруктуу

Арал-Кочкор альтернативалык трассасынын аймагында абал туруктуу. Кечээ Жумгал районунда жергиликтүү тургундар Кара-Кече көмүр кенине барчу жолду тосушкан.

 

Алар аймакта чаңдын айынан дем алууга мүмкүн болбой калганына арызданышууда: оңдолуп жаткан жолдун тилкесине суу куюлбайт. Жашоочулардын пикиринде, ремонттук иштер жол кырсыктарынын санын дагы көбөйтүүдө.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда трасса кыймылга ачык, тартип бузуулар катталган жок.