Министрлер кабинети жаңы жылдан кийин патент алуу системасын жоюуну пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер киреше салыгынан бошотулуп, патент албай калат. Мунун алкагында чакан бизнестеги 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат.
Министрлер кабинетинин негизги максаты — соода алакасын көзөмөл-кассалык аппараттарга өткөрүү, салык маданиятын киргизүү болуп саналат.