Кара-Сууда 50 орундуу бала бакча ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар бакчасынын ачылыш аземине облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 миллион 355 миң сом бөлүнгөн.