10 күндүн ичинде унаа салыгын төлөбөгөн 600дөн ашык айдоочу аныкталды

Салык кызматы 10 күндүн ичинде 250дөн ашык рейд өткөрүп, унаа салыгын төлөбөгөн 600дөн көп айдоочуну аныктады.

Мекемеден билдиришкендей, жалпы 13 миңдей транспорт каражаты текшерилген.

Салык төлөбөгөн айдоочуларга 618 миң сом айып салынып, анын 460 миңден ашыгы өндүрүлдү.

Эске салсак, унаа салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салык төкпөгөн жарандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат.