Аскер кызматкерлеринин пенсиясы дагы жогорулады

Кыргызстанда август айынан тарта аскер кызматкерлеринин пенсиясы эки миңден беш миң сомго жогорулады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн жетекчиси Ханзада Осмоналиева маалымат жыйын учурунда билдирди.

 

Анын айтымына караганда, учурда эң аз пенсия беш миң, эң көбү 30-35 миң сомду түзөт.

 

«Пенсиянын көлөмү жоокердин канча жыл кызмат өтөгөнүнөн жана айлык акысынын суммасынан көз каранды. Эгер аскер кызматкери пенсия курагында деле иштей бере турган болсо, анда айлыгына пенсиянын жарым суммасы кошуп берилет. Аскерлерге жеңилдик каралган эмес», — деди Осмоналиева.

Ал ошондой эле пенсия 2011-жылдан бери жогорулай электигин кошумчалады.

Буга чейин аскерлердин айлык акысы өскөнү кабарланган.